08.08.2019 07:00

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев расмий билдирүү жасады

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев  расмий билдирүү жасады

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев атайын кызматтардын аны кармоо аракетинен кийин расмий билдирүү жасады. 

Эскерте кетсек, экс-президентти кармоо операциясы кечээ саат 20:00до башталган. Атайын багыттагы отряддын жоокерлери Алмазбек Атамбаев кеч курун эл менен жолугушууга чыккан маалды тандашкан. Белгилей кетсек, жоокерлер ок чыгарып, чабуул койгондо короодо аялдар, кары-картаңдар жана жаш балдар да болгон.

Атамбаевдин тарапташтары күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине моюн беришпей, акырында алар кетүүгө аргасыз болушту. 

Операциянын жүрүшүндө жыйырмага жакын адам жабыркады. Атайын багыттагы отряддын жоокери каза тапты. УКМК резина октор гана колдонулганын айтууда, бирок экс-президенттин тарапташтары кадимки курал колдонулганын көрсөтүштү.